Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-апрели №23-4
Көк-Жар айылдык округунун 2011 -жылдагы бюджетинин аткарлышы жана 2012-жылга карата бюджеттин жана 2013-2014-жылдарга бюджетинин болжолдуу планын бөкитүү жөнүндө
Көк-Жар айылдык округунун ФЭБнүн башчысы Т. Исмановдун 2011-жылда бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы, 2012-жылдын бюджетинин долбоору жана 2013-2014 жылдарга бюджеттин божомолу боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Көк-Жэр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айылдык округунун ФЭБнун башчысы Т. Исмановдун 2010-2011-жылдарда айылдык округдун бюджетинин аткарылышы боюнча отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Көк-Жар айылдык округунун 2012-жылга жалпы бюджетинин долбоору алымча-кошумчалары менен 48558.4 (кырк сегиз млн. беш жүз элүү сегиз миң төрт жүз) сом болуп бекитилсин.(2012-жылдын сметасы тиркелет).
3. Көк-Жар айылдык округунун 2013-2014-жылдарга бюджетинин болжолдуу планы бекитилсин.
4. Кыргыз Республнкасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 токтомунун негизинде Көк-Жар айылдык округунун аткаруучу-тескөөчү органынын 31 штаттык саны бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
5. Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 344-беренесинин 1,2,3,4-бөлүктөрүнө негиз 2012-жылга карата Көк-Жар айылдык округунун жарандарынын тамарка салыгынан 1276 кожолукка 241240 сомдук жеңилдик берилсин.(тиркеме тиркелет).
6. Көк-Жар айылдык округунун 2012-жылга бекитилген бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн статьялар жана бөлүкчөлөр боюнча мыйзам чегинде жана максаттуу аткарылышын камсыз кылуу айылдык округдун финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
7. Ушул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин экономика, бюджет жана соода боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Козуев
|