Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-апрели №23-5
2012-жылдын 1-январына карата айылдык округдун жергиликтүү бюджетинде калган 675 752 сомду.айылдык округдун атайын эсебинде калган 37922 сомду, жана "Сунел -Табак" фирмасынан түшкөн 286755 сомду бөлүштүрүү жөнүндө
Жогорудагы акча каражаттарын мыйзам чегинде пайдалануу максатында депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылдын I кварталында салыктар жана жыйымдар боюнча берилген пландарды ашыгы менен аткаргандыгы үчүн айылдык округдун аппарат-кызматкерлерине бир айлык оклад акча каражаты сыйлык катары төлөнүп берилсин. (суммасы 145533 сом) анын соц фондуна 25104 сом ажыратылсын.
2. "Тешик-Таш" ИСКАКБнын 5%дык мамлекеттик кредиттик кайтарымына 128912 ( бир жуз жыйырма сегиз миң тогуз жуз он эки) сом которулсун.(Кулатов Көк-Жар подпроектиси).
3. Айылдык округдун аймагында автотранспорттук коопсуздукту сактоо үчүн
1 штат МАИ кызматкерин каржылоого 206060 (эки жүз алты миң алтымыш) сом бөлүнсүн.
4. Жыл ичинде айылдардын ички жолдоруна шагыл төгүү үчүн 170143 (бир жүз жетимиш миң бир жүз кырк үч) сом каралсын.
5. Айылдык округдун атайын счетунда калган 37922 сом калдык балдар бакчаларынын тамак-ашы үчүн пайдаланылсын.
6. Сунел -Табак" фирмасынан түшкөн 286755 сомду Ош-Исфана жолун тункү мезгилде жарытуу үчүн Жийде, Көк-Жар, Алашан айылдарына тункү, жарыткычтарды орнотууга 156 755 (бир жүз алты миң жети жүз элүү беш) сом айылдык округдун балдар бакчаларынын ремонтуна жана башка жумуштарына ар бир айылдын тапшырган тамекисине карап 130 000 (бир жүз отуз миң) coм акча каражаты ажыратылып берилсин
7. Жогорудагы акча каражаттары менен камсыз кылуу айылдык округдун ФЭБнин башчысы Т.Исмановго жүктөлсүн.(сметасы тиркелет)
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Козуев
|