Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 22-сентябры №25-1
Көк-Жар айылдык округунун башчысы Б.Сатыбалдыевдин жана ФЭБнин башчысы Т.Исмановдордун 2012-жылдын 6 айында аткарган иштери тууралуу отчетторун угуу жана айылдык округдун бюджетине кошумча түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Көк-Жар айылдык округунда 2012-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштер тууралуу айылдык округдун башчысы Б.Сатыбалдыевдин жана жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча айылдык округдун ФЭБнин башчысы Т.Исмановдордун отчетторун угуп жана талкуулап депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
TOKTOM КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айылдык округунун 2012-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери тууралуу айылдык округдун башчысы Б.Сатыбалдыевдин отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Көк-Жар айылдык округунун 2012-жылга карата кабыл алынган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 6 ай ичинде аткарылышы тууралуу айылдык округдун ФЭБнин башчысы Т.Исмановдун отчету канааттандырарлык деп белгиленсин.
3. Айылдык округдун бюджетине түшкөн кошумча кирешелердин эсебинен, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө 1205,0 (бир миллион эки жүз беш миң) сомдук кошумча план кабыл алынсын. (тиркеме тиркелет).
4. 2012-жылга Жеңиш багына спорт аянтчасын куруу үчүн туртку берүүчү грантка долбоор жазылып, жергиликтүү бюджеттен 249560 (эки жүз кырк тогуз миң беш жүз алтымыш) сом бөлүнгөн акча каражатын ал долбоор өтпөй калгандыгына байланыштуу ошол акча каражаты Каранай айылындагы имараты бүтпөй калган спорт залын куруу үчүн иштетилсин.
5. Кабыл алынган сумманы бөлүкчөлөргө бөлүп, максаттуу бөлүштүрүп, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айылдык округдун ФЭБнин башчысы Т.Исмановго милдеттендирилсин.
6. Айылдык округдун айыл башчыларынын эмгек маянасы аз болгондугуна байланыштуу 1,4 коэффцент менен эсептелсин.
7. Көк-Жар айылдык округунун чыгашалар боюнча бухгалтери Баткен мамлекеттик университетинин технологиялык институтунун экономикалык факультетинин сырттан окуу бөлүмүнүн студенти Таабалдыева Кайрыниса Жунусалиевнанын турмуш шартына байланыштуу анын окуу жайы менен болгон контрактык төлөмүнө 15 700 (он беш миң жети жүз) сом айылдык округдун бюджетине кошумча түшкөн кирешелердин эсебинен бөлүнүп берилсин.
8. Жогорудагы бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу пайдалануу жагы жана Таабалдыева Кайрыниса Жунусалиевнанын контрактык төлөмүнө бөлүнгөн акча каражатын окуу жайдын банктык эсебине которуп берүү жагы айылдык округдун ФЭБнин башчысы Т.Исмановго жүктөлсүн.
9. Көк-Жар айылдык округуна караштуу Алашан айылынын тургуну Эргешов Нишанбай жана аялы Эшполотова Бактыгулдун ааламдан өткөндүгүнө байланыштуу, алардын мектеп жашындагы бал дары кароосуз калгандыктан мектеп жашындагы балдар экендиктери эске алынып, айылдык округунун өздүк бюджетинен түшкөн кошумча кирешелердин эсебинен 20 ООО (жыйырма миң) сом акчалай жардам көрсөтүлсүн.
10 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Султановго милдеттендирилсин.
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Козуев
|