Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 22-сентябры №25-2
Көк-Жар айыл чарба үрөөнчүлүк өндүрүштүк кооперативинин ижара акысы тууралуу
Көк-Жар айыл чарба үрөөнчүлүк өндүрүштүк кооперативинин ишин жандандыруу жана колдоо максатында, айылдык кеңештик депутаттарынын ой-пикирлерин сунуштарын, угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылдын 23-июлундагы № 01-4/ 2403 айыл чарба жана мелорация министринин орун басары А.Джумалиевдин Көк-Жар үрөөнчүлүк кооперативин колдоо жөнүндөгү каты аткарууга алынсын.
2. Көк-Жар айыл чарба үрөөнчүлүк өндүрүштүк кооперативинин ишин жандандыруу максатында колдоого алынсын жана жергиликтүү калкты жогорку сапаттагы үрөөндөр менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
3. Көк-Жар айыл чарба үрөөнчүлүк өндүрүштүк кооперативинин, айылдык округунун кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринен 2013-жылдын түшүмү үчүн ижарага алган жер аянттарынын 1 (бир) га жер аянтына Кыргыз Республикасынын жер кодексинин мыйзамдарына ылайык, мыйзам чегинде суулуу жерге 1500 (бир миң беш жүз) сом, кайрак жерге 200 (эки жүз) сом өлчөмүндө ижара акы белгиленсин. КР мыйзамдарына ылайык иш алып баруу жагы Көк-Жар айылдык округунун жетекчилигине милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу боюнча комиссиясынын төрагасы К.Сатаровго милдеттендирилсин.
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Козуев
|