Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 22-сентябры №25-3
«Кара-Деңиз» коомдук бирикмеси тууралуу
Көк-Жар айылдык округундагы «Кара-Деңиз» коомдук бирикмесинин, айылдык округунда жашаган турмуш шарты оор кожолуктарга, кароосуз калган балдарга кары картандарга берген жардамдары, элди таза суу менен камсыз кылууда аткарган иштеринин жалпы суммасы 9 196 600 (тогуз миллион бир жүз токсон алты миң алты жүз) сомдук жардамдарынын ошондой эле Көк-Жар айылдык округунун инфраструктурами өнүктүрүүдөгү кошкон салымдарын эске алып, айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча комиссиянын төрагасы К.Сатаровдун чечимин, мыйзамдуулук боюнча комиссиянын төрагасы Ж.Ташматовдун жана айылдык округдун башчысы Б.Сатыбалдыевдердин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айылдык округундагы «Кара-Деңиз» коомдук бирикмесине чет элдик инвестицияларды тартып Көк-Жар айылдык округунун инфрастурктурасын өнүктүрүү максатында , офис куруу үчүн айылдык округунун муниципалдык менчигиндеги жерден , максаттуу пайдаланууга тиешелүү жер аянты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча комиссиянын төрагасы Ж.Ташматовго жана айыл тарба жерге жайгаштыруу боюнча комиссиясынын төрагасы Ж.Сатаровго милдеттендирилсин.
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Козуев
|