Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 22-сентябры №25-4
Борбаш айылынын тургуну Зулумова Гулжамалдын арызына негиз, айылдык округдагы түзүлгөн жер комиссиясынын 03.09.2012-жылдагы заседаниесинин № 4 -протоколунун чечиминин тууралуу
Борбаш айылынын жашоочу Зулумова Гулжамал Орозалиевнага кайнатасы маркум Абдазов Апис тарабынан курулган имаратты жана ага тиешелуу болгон 400 м2 жер аянтты менчик укугуна каттоо тууралуу. Айылдык округунун юристи А.Ташевдин маалыматын угуп жана талкуулап, депуттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Борбаш айылынын тургуну маркум Абдазов Апис тарабынан курулган имаратты жана ошол имаратка тиешелүү болгон 400м жер аянтты, көп жылдардан бери иштетип келе жаткан келини Зулумова Гулжамал Орозалиевнага Кыргыз Республикасынын жер кодексине, жер мыйзамдарына негиз менчик укугуна берүү жагы Көк-Жар айылдык окрутуна тапшырылсын жана жер комиссиясынын протоколу бекитилсин. Аны мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы айылдык округдун юристи А.Ташевге жана жер боюнча башкы адиси И.Жээнбаевге милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышыи көзөмөлдөө айыл чарба, жерг жайгаштыруу, курулуш боюнча комиссиянын төрагасы К.Сатаровго жүктөлсүн.
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Козуев
|