Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 22-сентябры №25-5
Жийде айылынын тургуну Суюнбаев Абдимомундун арызын кароо тууралуу
Жийде айылынын жашоочусу Суюнбаев Абдимомундун өзүнө тиешелүү болгон кайрак жер үлүшү жөнүндө жазган арызы тууралуу айылдык округунун юристи А.Ташевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жийде айылындагы Суюнбаев Абдимомундун өзүнө тиешелуу болгон 0,63 га кайрак айдоо жер үлүшүн көп жылдык бакка которуу жагы Кыргыз Республикасынын жана жер кодексинин мыйзамдарына негиз мыйзамдаштырып берүү жагы айылдык округуна тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук боюнча жер комиссиясына жана айыл чарба, жерге жайгаштыруу боюнча комиссиясынын төрагасы К.Сатаровго милдеттендирилсин.
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Козуев
|