Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 22-сентябры №25-6
Төрт -Коргон айылындагы көчөгө ат коюу жөнүндө
Көк-Жар айылындагы «Төрт-Коргон » бөлүмүндөгү көчөгө көп жылдар бою саламаттыкты сактоо тармагында эмгектенген маркум Матисаев Араптин атын коюу жөнүндөгү элден түшкөн чогулуштун протоколу жана арызы жөнүндөгү айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын төрагасы Ж.Ташматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Маркум Матисаев Арап жөнүндөгү Төрт-Коргон элинин жазган арызы жана чогулуштун 2012-жылдын 17/IX №1 протоколу колдоого алынсын.
2. Көк-Жар айылынын Төрт-коргон бөлүмүндөгү көчөгө «Матисаев Арап атындагы көчө деп ат коюлсун.
3. Токтомдун аткарлышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын төрагасы Ж.Ташматовго милдеттендирилсин.
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Козуев
|