Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 22-сентябры №25-7
Көк-Жар айылдык округундагы сел алган айыл чарба жерлери тууралуу
2012-жылдын 3-4 - май күндөрү нөшөрлөп жааган жамгырдын кecепетинен айыл округундагы селден жапа чеккен 36,5 га жер аянтын 2012-жылдын 7-майындагы жер комиссиясынын түзгөн актысынын негизинде, жер адиси И. Жээнбаевдин билдүрүүсүн угун жана талкуулап депутаттардын Көк- Жар айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айылдык округундагы түзүлгөн жер комиссиясынын 2012-жылдын 7-майындагы жазылган актысы колдоого алынсын.
2. 2012-жылдын 3-4- май күндөрү нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен жабыркаган 36,5 га жер аянтындагы жерлерди жер салыгынан жана социалдык төлөмдөрүнөн бошотуп берүү жагы Ноокат райондук салык башкармалыгынан жана социалдык казына бөлүмүнөн суралсын.
3. Ушул токтомду бекитип берүү жагы депутаттардын Ноокат райондук Кеңешинен суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. Султановко милдеттендирилсин.
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Козуев
|