Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 22-сентябры №25-8
Көк-Жар айылдык округунун 2012-жылдын 21-июнундагы №171 токтомун бекитүү жөнүндө
"Мол азык-Фей компани" жоопкерчилиги чектелген коомунун гуминди изилдөө үчүн Көк-Жар айылдык округуна караштуу Борбаш айылындагы Абшыр разьездинен 24 га жер ажыратып берүү жөнүндөгү катын карап чыгып депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айылдык округунун 2012-жылдын "Мол азык-Фей компани" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан Туминдик пародаларды өздөштүрүү боюнча Көк-Жар айылдык округуна караштуу Борбаш айылындагы Абшыр бөлүмүнөн 24 га жер аянтын узак мөөнөткө ажыратып берүү жөнүндөгү" №171 токтому 2 (эки) жылдык мөөнөткө андан ары узартуу укугу менен деген толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү менен бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл, суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш,өнөр жай жана кайра иштетүү, энергетика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Козуев
|