Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 22-сентябры №25-9
Көк-Жар айылдык округунун аймагындагы ААК «Залкар-Банк-Көк-Жэр-бөлүмүнүн директору А.Т.Матисаездин 2012-жылдын 19-сентябрындагы № 51-02 /02-71 билдирүүсү тууралуу
1992-жылы жаңыдан уюшулуп ачылган кыргызпромстройбанк Көк-Жар бөлүмү 2008-жылга чейин, ААК «Азия Универсал Банк-Көк-Жар» болуп 2008-жылдан 2010-жылдын 29-декабрына чейин, ал эми 2011-жылдын январь айынан баштап «ААК Залкар Банк-Кек-Жар» болуп, ААК «АУБ»дан бөлүнүп чыгып, азыркы мезгилге чейин элге кызмат кылып келе жаткандыгы тууралуу, ААК «Залкар Банк Көк-Жар» бөлүмүнүн директору А.Т.Матисаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы К.Турабыев менен «Азия Универсал Банк Көк-Жар» филиалынын директору Б.Ш.Турдуевдин 2008-жылдын 30-декабрындагы түзүлгөн № 1 келишими өз күчүндө калтырылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, маданият, дин иштери, депутаттык этика социалдык маданий боюнча комиссиянын төрагасы Ж.Ташматовго жана айыл чарба жерге жайгаштыруу боюнча комиссиянын төрагасы К.Сатаровдорго милдеттендирилсин.
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Козуев
|