Редакцияот 455686
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Т. Кулатов айылдык кеңешинин 4- чакырылышынын кезектеги 34 сессиясы

 

2012-жылдын 16-январы №34-1

Депутаттардын Т. Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 2011 жылга карата түзүлгөн иш чараларын, туруктуу комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө

Депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин терагасынын орун басары Ж.Бойдоновтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, КР «Жергиликтүү кеңештердин депуттаттарынын статусу жөнүндөгү» мыйзамдын негизинде, депутаттардын Т. Кулатов айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2012- жылга карата түзүлгөн, карала турган маселелердин чейрек иш мерчеми бекитилсин.

2. Иш мерчемдердин убагында аткарылышын, түзөтүүлөр киргизилген учурларда мыйзамдуулугун көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, этика боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

3. Түзүлгөн туруктуу комиссиялардын 5 түрү боюнча курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин терагасынын орун басары Ж.Бойдоновко тапшырылсын.

 

Т. Кулатов атындагы айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А. Абдиллаев