Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 16-январы №34-2
Депутатардын Т.Кулатов атындагы айылдык, кеңештин 21.05.2011 жылдагы №26-1 сандуу токтомун бузуу жөнүндө
Депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин терагасы А. Абдиллаевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Түштүк-Кыргыз-Цемент» ЖАКнан Т.Кулатов айылдык округуна 50% ал эми Кызыл-Кыя шаарына 50% сатуудан түшкөн пайдага макулдук берилген депутатардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин 21.05.2011 жылдагы №26-1 сандуу токтому бузулсун.
2. «Түштүк-Кыргыз-Цемент» ЖАКнан Т.Кулатов айылдык округуна сатуудан түшкөн пайда 100% пайыз толугу менен Т.Кулатов атындагы айылдык округуна түшүрүлсүн.
3. «Түштүк-Кыргыз-Цемент» ЖАКы жайгашакан жер аянттары боюнча К.Р. Жогорку Сотунда толугу менен чечилгенге чейин Кызыл-Кыя шаардык мэриясы жана Т.Кулатов атындагы айылдык округу тарабынан эч кандай келишим , сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жол берилбесин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин «экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына жана Т.Кулатов атындагы айылдык округунун жетекчиси А.Эргешовко жүктөлсүн.
Т. Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Абдиллаев
|