Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 16-январы №34-5
Т.Кулатов айылдык округунун бюджетинен Кош-Дебе, Кожо-Арык айылдарындагы селкананы бекемдөө жана арыктарды тазалоо үчүн элдик салымга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Т.Кулатов айылдык округун жетекчисинин орун басары Д.Көчконовтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республиксынын Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин Ноокатрайондук бөлүмү жана ПРООН тарабынан каржылоо долбоорун ишке ашыруу үчүнТ.Кулатов айылдык округунун Кош-Дебе, Кожо-Арык айылдарындагы селкананыбекемдөө жана арыктарды тазалоо үчүн, элдик салымга тиешелүү болгон акчакаражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Аткарыла турган иштердин көлөмү, элдик салымга тиешелүү болгон жана бөлүнө турган акча каржаттары тиркемелерге ылайык жана сметага негиз бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин «экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына жана Т.Кулатов атындагы айылдык округунун жетекчиси А. Эргешовко жүктөлсүн.
Т. Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Абдиллаев
|