Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 16-январы №34-6
Т.Кулатов айылдык округунун 07.02.2012 жылдагы № 52 сандуу токтомун бектип берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айылдык округунун 07.02.2012 жылдагы № 52 сандуу токтомунда көрсөтүлгөндөй Т.Кулатов айыл өкмөтү тарабынан «Айдоочу» жоопкерчилиги чектелген коомуна жана анын жетекчиси А.Бекмурзаевке Т.Кулатов айыл өкмөтүнө караштуу «Жинжиген» бөлүмүнөн, таштак, жайыт жерден «туфоконгломерат» ташын казып алуу үчүн 15 га жер аянты 25 жылдык мөөнөткө берилген жер аянты боюнча жана Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары боюнча министирлигинин кен байлыктарды пайдаланууга лицензиялаштыруу боюнча комиссиясынын №196-АН-11 сандуу, 05.12.2011жылдагы протокол чечиминин негизинде ЖЧК «Айдоочуга» берилген №2479 ТЕ лицензиясы күчүн жоготкондуктан депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов айылдык округунун 07.02.2012 жылдагы № 52 сандуу токтомунда көрсөтүлгөндөй Т.Кулатов айылдык округунун 2008 жылдагы 12 марттагы №18 сандуу жоопкерчилиги чектелген «Айдоочу» коомуна берилген жер аянты боюнча токтомду жокко чыгаруу жөнүндө токтому бекитилип берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин «жер аянттарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү жана өздөштүргөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү боюнча туруктуу комиссиясына жана Т.Кулатов атындагы айылдык округунун жетекчиси А.Эргешовко жүктөлсүн.
Т. Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Абдиллаев
|