Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 09- февралы №35-1
Кыргыз Республикасынын «Түштүк электр линияларын жаңылоо» долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын екмөтүнүн 21.09.2011- жылдагы № 565- токтомун ишке ашыруу жөнүндөгү Т.Кулатов айылдык округунун №58, 08.02.2012 жылдагы токтомун бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Түштүк электр линияларын жаңылоо» долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 21.09.2011- жылдагы № 565-токтомун аткаруу максатында Т.Кулатов айылдык Кеңешинин айыл чарба , жерге жайгаштыруу , экология жана жаратылышты коргоо, транспорт, крулуш, өнөр-жай, кайра иштетүү, энергетика боюнча туруктуу комиссияларынын заседаниесинин протоколун угуп жана талкуулап Т.Кулатов айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Түштүк электр линияларын жанылоо» долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 21.09.2011 -жылдагы № 565- токтому жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын «Улуттук электр тармактары» ачык акционердик коомунун (ААК) Ош облусу боюнча ВЛ-220, кВт «Узловая -Алай» обьектисин куруу үчүн жалпысынан 4325,612 м2 жер аянты төмөндөгү участкалардан кайтарымсыз жана мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин.(Тиркеме тиркелет).
3. Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мулктөрду каттоо башкармалыгынан жана Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу жетекчилигинэн аталган обектини куруу үчүн , тиешелүү юридикалык иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.
4. Кызгыз Республикасынын түштүгүндө энергетикалык электр тармактарын жаңылоо долбоору; боюнча «Кыргыз улутгук элекгр тармактары» ААКна берилүүчү жер участокторуна, жеке жана юридикалык жактардын жер участоктору туура келип калса ,аларды пайдаланууга апуу Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине ылайык , жер тууралу каттоо документтерине тиешелүү өзгөртүлөрдү киргизүү менен жүргүзүлорү белгиленсин.
5. Аталган долбоорду турмушка ашыруу максатында көмок көрсөтүү жагы Т.Кулатов айылдык округунун жетекчилигине (айыл башчыларга) жана тиешелүү документтерди түзүү., бөлүнө турган жер аянттарын тактоо айылдык округтун жер адиси Ж.Муратовко милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов айылдык округунун башчысы А.Эргешовко тапшырылсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын бекитип берүу жагы депутаттрдын Ноокат райондук Кеңешинен суралсын.
Т. Кулатов айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Абдиллаев
|