Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 19- апрели №36-1
«Т. Кулатов айылдык округунун 2011-жылга жергиликтүү бюджетин аткарылышын бекитүү жөнүндө»
Т.Кулатов айылдык округунун 2011-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү маселе айылдык Кеңештин бюджет, экономика, соода жана финансы боюнча туруктуу комиссиясында каралып, такталгандыгын эске алып депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Кулатов айылдык округунун 2011-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлугу бекитилсин. Киреше бөлүгүнүн аткарылышы 38034,1 миң сом, чыгаша бөлүгү 37782,8 миң сом өлчөмундө аткарылгандыгы бекитилсин.
2. 2012-жылдын 01-январында, карата айыл округунун бюджет боюнча кассада жүгүртүлүүчү нак акча 251,3миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т. Кулатов айылдык Кеңештин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Т. Кулатов айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Абдиллаев
|