Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 19- апрели №36-2
«Т.Кулатов айылдык округуну 2012-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2013-2014 жылдарга бюджетинин долбоорун кароо жөнүндө»
Т.Кулатов айыл округугунун 2011-жылга жергиликтүүбюджети жөнүндөгү маселе айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясында каралып, такталгандыгын жана киргизилген сунуштардындын негизинде түзүлгөндүгүн эске алып Т.Кулатов айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов айыл округунун 2012-жылга бюджетин түзүү учурунда жетишсиздиктер белгиленип, 2012-жылга айыл округдун : бюджетинин чыгаша бөлүгү чыныгы 6412,0 миң сом өлчөмүндө аныкталсын. Т.Кулатов айыл округунун 2012-жылга бюджетинин кирешелери жана чыгашалары боюнча контролдук суммасы 61412,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2012-жылга айыл округдун бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары №1-тиркемеге ылайык аныкталсын.
3. 2012-жылга айыл округдун бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн багыттары №2-тиркемеге ылайык аныкталсын.
4. 2012-жылга айыл округтун бюджетине Республикалык бюджеттен берилүүчү категориялдык жана тендештирүүчү гранттардын өлчөмү №3-тиркемегө ылайык бекитилсин.
5. Айыл округдун бюджеттик мекемелердин чыгашаларынын айрым бөлүмдөрү боюнча 2011-жылы каржыланбай калган чыгымдары 2012-жылдын бюджетинин эсебинен жана анын чегинде жүргүзүү сунуш кылынсын.
6. 2013-жылга айыл округтун бюджетинин кирешелерин түзүүчүчү булактары долбоор боюнча 63331,5 миң сомго аныкталсын.
7. 2013- жылга айыл округдун бюджетинин чыгашаларын түзүүчүчү булактары долбоор боюнча 63331,5 миң сомго аныкталсын.
8. 2014-жылга округдун бюджетинин кирешелерин түзүүчүчү булактары долбоор боюнча 66816,0 миң аныкталсын.
9. 2014-жылга айыл округтун бюджетинин кирешелерин түзүүчүчү булактары долбоор боюнча 66816,0 миң аныкталсын.
10. 2012 жылдын 01 январына карата айыл округунун бюджети боюнча кассада жүгүртүүлүчү нак акча 251,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
11. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов айылдык Кеңештин бюджет, экономика, соода жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Т. Кулатов айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Абдиллаев
|