Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 19 апрели №36-3
(Т.Кулатов атындагы жайыт пайдалануучулар комитетинин 2011 жылга бюджетинин аткарылышы жана 2012 жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндөгү 2012 жылдын 14 январындагы №1 токтомун бекитүү тууралуу)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы жайыт пайдалануучулар комитетинин 2012 жылдын 14 январындагы №1 токтомунда белгиленгендей 2011 жылга карата бюджетинин аткарылышы бекитилсин.
2. Т.Кулатов айылдык округунан убактылуу пайдаланууга берилген жалпы 8672,0 га жери, анын ичинен пайдаланууга жарактуу 6100,0 га жерге салык инспекциясына отчетун берип, салык мыйзамдарына ылайык төлөмдөрүн өз убагында аткаруу ЖПБнын башчысы К.Рустамовко милдеттендирилсин.
3. ЖПБнын төрагасына айылдык округ тарабынан өткөрүлүп берилген жалпы жери 8672,0га, анын ичинен 6100 га пайдаланууга жарактуу жайыт жерлери бекитилсин.Берилген жайыт жерлерди туура пайдалануу жана мыйзмадардын негизинде иш чара жургузүү ЖПБнын төрагасы К.Рустамовко тапшырылсын.
4. Т.Кулатов атындагы жайыт пайдалануучулар комитетинин 2012 жылдын 14 январындагы №1 токтомундагы бюджетинин 316098 миң сом киреше булагы, 316182 миң сом чыгашасы жана кийинки жылга болгон 30000 миң сомдук резервтик фонду бекитилсин.
5. Т.Кулатов атындагы жайыт пайдалануучулар комитети тарабынан бир баш кара малга жыл ичинде 70 сом, торпокторго 60 сом, жылкыларга 80 сом, койлорго 20 сом, эчкилерге 20 сомдон тарифи жана башка чет жактан келген жайыт пайдалануучуларга бир сезоного бир баш кара малга 500 сом, жылкыга 500 сом, кой-эчкилерге 100 сом тарифин бекитүү жөнүндөгү сунушу бекитилсин.
6. Т.Кулатов атындагы жайыт пайдалануучулар комитети жайыт жайыт жерлерди бузган тараптарга м.ыйзам чегинде чара колдонуп.жайыттарды бузган тараптын эсебинен жайытты калыбына келтирүү жана жазанадан түшкөн акча каражаттын эсебинен жайыттардын инфраструктурасын калыбына келтирүү жумуштарына жумшалсын.
7. Т.Кулатов атындагы жайыт пайдалануучулар комитетинин 2012 жылдын 14 январындагы №1 токтомундагы жайыт инфраструктурасын жакшыртуу боюнча түзүлгөн божомолдуу иш мерчеми бекитилсин.
8. КР Президентинин 2009 жылдын 26 январындагы №30 жарлыгына, 2011 жылдын 11-июлдагы №91 жана 2011 жылдын 28 декабырындагы №2541 мыйзамынын 6 беренесинин 3 бөлүмүнө ылайык жайыт пайдалануучулар комитетинин төрагасы 3 жылдык мөөнөткө жооптуулугу белгиленсин.
9. КРнын мыйзамдарын аткаруусун талап кылуу жана жер-жерлерде жайыт пайдалануучуларга мыйзамдар жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү ЖПБнын терагасы К.Рустамовко жана жайыт инспекторлоруна милдеттендирилсин.
10. Жайытка малдарды чыгаруу мезгилдери 2012 жылдын 14 январындагы №1 токтомундагы иш-чарасына ылайык көзөмөлдөө, малдардын ар кандай ыландарына каршы алдын ала эмдөөлөрдү ветеринардык врачтар тарабынан жүргүзүлгөндүгү боюнча малдардын аныктамаларын көрүп жайытка чыгарууну көзөмөлдөө ЖПБнин төрагасы К.Рустамовко тапшырылсын.
11. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл, суу-чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айылдык округтун жетекчилигине тапшырылган.
T .Кулатов айылдык кеңештинин төрагасы |
А. Абдиллаев
|