Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 19 апрели №36-4
(Т.Кулатов атындагы айылдык округунун ИСКАКБ "Абшыр-Таза-Суу" ишканасынын 2011 жылга аткарган иш чараларын жана бюджетинин аткарылышы жана 2012 жылга карата иш чараларын жана бюджетин бекитүү жөнүнө)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айылдык округунун ИСКАКБ "Абшыр-Таза-Суу" ишканасынын 2011 жылга аткарган иш чаралары , бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү ишкананын жетекчиси А.Ажибаевтин билдирүүсү канаатандырылсын.
2. ИСКАКБ "Абшыр-Таза-Суу" ишканасынын 2012 жылга карата бюджети жана иш мерчемдери тиркемелерге ылайык бекитилсин.
3. Т.Кулатов атындагы айылдык округу боюнча таза суу пайдалануучуларга төмөндөгүдөй наркта тариф бекитилсин:
а. -ар бир адамга (жапнга) бир айга 10 (он) сомдон төлөө тарифи бекитилсин.
б. -жеке түтүкчөлөрү бар үй ээлерине айына 200 (эки жүз) сомдон баа бекитилсин.
в. - мекеме, ишкана ж.б. социалдык мекемелерге мЗ менен эсептеп түзүлгөн
калькуляцияга ылайык төлөө белгиленсин.
4. Таза суу пайдалангандар өз убагында төлөбөсө пайдаланган кранттарды жаап коюууга уруксат берилсин.
5. ИСКАКБ "Абшыр-Таза-Суу" ишканасынын карамагында пайдалануу үчүн техника жок болгондуктан анын жетекчиси А.Ажибаевтин менчиги болгон жеңил автоунаасын ишкананын пайдасына пайдаланууга уруксат берилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл, суу-чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылыштуу коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана А.Ажибаевке милдеттендирилсин.
T .Кулатов айылдык кеңештинин төрагасы |
А. Абдиллаев
|