Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 19 апрели №36-5
"Күнгөй-Таш" жоопкерчилиги чектелген коомунун (ЖЧК) на Т.Кулатов айылдык округунун "Кызыл" участкасынан гипс сырьесун иштетүү үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айылдык округунун жер боюнча туруктуу комиссиясынын терагасы А.Ажибаевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов айылдык округунун Кожо-Арык айылынын "Кызыл" участкасынан "Күнгөй-Таш" ЖЧКна кайра бөлүштүрүү фондунун жайыт жеринен, 15 (он беш) га жер аянты убактылуу, ижаранын негизинде, 15 жылга гипис карьерин ачып, иштетүү үчүн ажыратылып берилсин.
2. «Күнгөй-Таш» ЖЧКна көмөк көрсөтүү жагы Т.Кулатов айылдык округунун жетекчилигине жана тиешелүү документтерди түзүү , бөлүнө турган жер аянттарын чек араларын тактоо айылдык округгун жер адиси Ж.Муратовко милдеттендирилсин.
3. Ажыратылып берилген жер аянттарына келтирилген зыяндын жана өндүрүлбөй калган пайданын ордун толуктап берүү, жер салыктарын, ижара акыларды өз убагында төлөп туруу "Күнгөй-Таш" ЖЧКнын жетекчилигине жүктөлсүн.
4. Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлктөрдү каттоо башкармалыгынан жана Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу жетекчилигинен атаЩШ обьектини куруу үчүн тиешелүү юридикалык иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.
5. «Күнгөй -Таш» ЖЧКна берилүүчү жер аянтына, жеке жана юридикалык жактардын жер участоктору туура келип калса , аларды пайдаланууга алуу Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине ылайык , жана бир категориядан экинчи категорияга которуу, жер тууралу каттоо документтерине тиешелүү өзгөртүлөрдү киргизүү менен жүргүзүлөрү милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Т.Кулатов айылдык округун жетекчиси А.Эргешовко сунушталсын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов айылдык округунун жетекчилигине тапшырылсын.
T .Кулатов айылдык кеңештинин төрагасы |
А. Абдиллаев
|