Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 08-майы № 37-1
«Түштүк-Кыргыз-Цемент» жабык типтеги акционердик коомуна Т.Кулатов айылдык округунун «Боз» участкасынан жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Т.Кулатов айылдык округунун 07.05.2012 жылдагы №178 сандуу токтомундагы «Түштүк-Кыргыз-Цемент» жабык типтеги акционердик коомунунун жетекчилигинин катынын негизинде «Боз» участкасынан жайыт жерден технологиялык жол куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Т.Кулатов айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов айылдык округунун 07.05.2012 жылдагы №178 сандуу токтомундагы «Түштүк-Кыргыз-Цемент» жабык типтеги акционердик коомунунун-жетекчилигинин катынын негизинде «Боз» участкасынан жайыт жерден технологиялык жол куруу үчүн 2,40 га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү токтому бекитилсин.
2. «Түштүк-Кыргыз-Цемент» жабык типтеги акционердик коомуна Т.Кулатов айылдык округунун «Боз» участкасынан, жайыт жерден 2,40 га жер аянты 10 жылдык мөөнөт менен ижарага, келишимдин негизинде технологиялык жол куруу үчүн ажыратылып берилсин.
3. Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлктердү каттоо башкармалыгынан жана Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу жетекчилигинен аталган обьектини куруу үчүн тиешелүү юридикалык иш кагаздарын даярдап берүү жагы
4. «Түштүк-Кыргыз-Цемент» жабык типтеги акционердик коомуна берилүүчү жер аянтына, жеке жана юридикалык жактардын жер участоктору туура келип калса .аларды пайдаланууга алуу Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине ылайык , жана бир категориядан экинчи категорияга которуу, жер тууралу каттоо документтерине тиешелүү өзгөртүлердү киргизүү менен жүргүзүлөрү милдеттендирилсин.
5. «Түштүк-Кыргыз-Цемент» жабык типтеги акционердик коомуна көмөк көрсөтүү жагы Т Кулатов айылдык округунун жетекчигигине жана тиешелүү документтерди түзүү , бөлүнө турган жер аянттарын тактоо айылдык округтун жер адиси Ж.Муратовко милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов айылдык округунун башчысы А.Эргешовко тапшырылсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын бекитил берүү жагы депутаттардын Ноокат райондук Кеңешинен суралсын.
Т.Кулатов айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Абдиллаев |