Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 08-майы № 37-2
К.Надиров орто мектебине Кызыл-Булак айылынан жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Т.Кулатов айылдык округунун Кызыл-Булак айылындагы жаны курула турган К.Надиров орто мектебинин директору Т.Абдырахманованын жана ата-энелердин арызында көрсөтүлгөндей жаны мектеп куруу үчүн коопсуз жерден жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Т.Кулатов айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов айылдык округунун Кызыл-Булак айылындагы жаны курула турган К.Надиров орто мектебинин директору Т.Абдырахманованын жана ата-энелердин арызында көрсөтүлгөндөй жаны мектеп куруу үчүн коопсуз жерден жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү арыздары муниципалдык менчикте бош жер аянттары жок болгондуктан канаатандуруусуз калтырылсын.
2. Жаңы мектеп куруу үчүн мурда түзүлгөн тиешелүү юридикалык иш кагаздары толугу менен даярдалып бүткөндүктөн,(эски ордуна) курулуш иштерин толугу менен улантылуусу жана сел коркунучун алдын алуу үчүн , курулуш иштерйн жүргүзүүнү көзөмөлдүк кылуу жагы Т. Кулатов атындагы айылдык округтун жетекчиси А.Эргешовко жана мектеп директору Т.Абдырахмановага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов айылдык округунун башчысы А.Эргешовко тапшырылсын.
Т.Кулатов айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Абдиллаев |