Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 22-майы №38-1
«Түштүк-Кыргыз-Цемент» жабык типтеги акционердик коомуна 26га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү Т.Кулатов айылдык округунун 15.05.2012 жылдагы №180 токтомун бекитип берүү жөнүндө
Т.Кулатов айылдык округунун 15.05.2012 жылдагы №180 сандуу токтомундагы «Туштук-Кыргыз-Цемент» жабык типтеги акционердик коомуна Т.Кулатов атындагы айыл оркугуна караштуу «Жинжиген» бөлүмүнөн, мурдагы «Ленин Комсомолу» атындагы шахта жайгашкан жер аянттарынан өнөр жай, транспорттук, байланыштык, коргонуунун жер аянтынттарындагы курулган цемент заводуна жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Т.Кулатов айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облустук райондор аралык сотунун 2011-жыл 12-августундагы №СГ-57.11МД жана Жалал-Абад облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2011-жылдын 10-октябырындагы № АД-49.11-АД аныктамасына Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2012-жылдын 24-апрелиндеги АД-123.10МБанын чечимине негиз «Туштук-Кыргыз-Цемент» акционердик коомуна мурда курулган, цемент завод учун 26.00 га жер аянтын 10 (он) жылдык мөөнөт менен ижаралык келишимдин негизинде убактылуу пайдаланууга ажыратылып берилсин.
2. «Туштук-Кыргыз-Цемент» жабык типтеги акционердик коомуна жер аянттарына жана салыктын түрлөрүнө тиешелүү болгон төлөмдөрдү өз убагында төлөп берүү жана заводдун иши токтогон учурда бузулган жер аянттарын калыбына келтирип рекультивациялоо жагы милдеттендирилсин.
3. Тиешелүү документтерди түзүү, бөлүнө турган жер аянттарын чек араларын тактоодо «Түштүк-Кыргыз-Цемент» жабык типтеги акционердик коомуна көмөк көрсөтүү жагы Т.Кулатов айылдык округунун жетекчилигине жана айылдык Кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т. Кулатов айылдык округунун башчысы А. Эргешовко тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын бекитип берүү жагы депутаттардын Ноокат райондук кеңешинен суралсын.
Т.Кулатов айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Абдиллаев |