Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 22-майы №38-3
Т.Кулатов айылдык округунун элдерине «Түштүк-Кыргыз-Цемент» ЖАКнан өз наркында цемент алуу үчүн комиссия түзүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айылдык округунун атуулдарынын суроо-талаптарын аткарууда «Түштүк-Кыргыз-Цемент» ЖАКнан өз наркында цемент алуу үчүн комиссия түзүү үчүн маселени угуп жана талкуулап Т.Кулатов айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Т.Кулатов айылдык округунун атуулдарына «Түштүк-Кыргыз-Цемент» ЖАКнан мурда түзүлгөн мемерандумга негиз, ортомчу ишканаларсыз, жеке ишкерлерсиз ез наркында келип түшүшү менен эсептегенде, цемент алуу үчүн 2 бөлүмдөн 2 айылдык Кеңештин төмөнкү депутаттарына цемент алып таркатууга уруксат берилсин.
· 1чи бөлүмдөн депутат - Абдурахманов Абдужалалга, Апшыр-Сай, Кожо-Арык, Ак-Терек, Кош-Дөбө айылдарынын тургундарына.
· 2чи бөлүмдөн- Бөйдөнов Жаанбайга- Ак-Чал,Кызыл-Булак, Таш-Булак, Баглан айылдарынын тургундарына.
2. Аталган депутаттарга айылдык тургунудардын суроо талаптарын аткарууда үзгүлтүксүз, ез убагында, кошумча нарк койбой аткаруу жагы сунушталсын.
3. Аталган депутаттарга цемент алууда ортомчу ишканаларсыз, жеке ишкерлерсиз ез наркында цемент алуу үчүн «Түштүк-Кыргыз-Цемент» ЖАКнын жетекчилигинен суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов айылдык округунун башчысы А.Эргешовко тапшырылсын.
Т.Кулатов айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Абдиллаев |