Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13 июну № 39-2
Т.Кулатов атындагы айылдык округунун бюджетинен «Тагай-Ата» атындагы балдар бакчасына, Ж.Амираев атындагы маданият үйүнө.Колдошов атындагы орто мектебине түрткү берүүчү гранттын 15%тик элдик салымын бөлүп берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айылдык округуна караштуу Арык-Тейит айылындагы «Тагай-Ата» атындагы балдар бакчасына, Ж.Амираев атындагы маданият үйүнө, Ак-Терек айылындагы Колдошов атындагы орто мектебине Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги тарабынан түрткү берүүчү гранттан бөлүнүүчү акча каражатынын 15 % элдик салымын төлөө жөнүндөгү У.Сатаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Т.Кулатов айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги тарабынан түрткү берүүчү гранттан берилүүчү акча каражатынын элдик салымга тиешелүү болгон акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Аткарыла турган иштердин көлөмү, элдик салымга тиешелүү болгон жана бөлүнө турган акча каражаттары тиркемеге ылайык жана сметага негиз бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов айылдык Кеңештин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Т. Кулатов айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Абдиллаев |