Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 16 июлу № 40-1
Т.Кулатов айылдык округунун айылдык Кеңешинин депутаттарынын 2012 жылдын октябрь айында белгиленген шайлоого карата көп мандаттуу шайлоо округдарын түзүү боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндегү» Мыйзамынын 23-беренесинин 3 пунктчасынын, жана «Жергиликтүү Кенештөрдин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» Мыйзамдын 10 беренесинин 1,2,4 пунктарын жана Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн айылдык округтун аймагындагы калктуу пунктардагы калктын саны боюнча 2012 жылдын 01 январына карата берген маалыматын негизге алып депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов айылдык округунун Кеңешинин депутатарынын 2012 жылдын октябре айындагы шайлоого карата Т.Кулатов айылдык округунун айылдык Кеңешинин аймагында көп мандаттуу шайлоо округдарын түзүү боюнча сунуш тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Т.Кулатов айылдык округунун айылдык Кеңешинин аймагында көп мандаттуу шайлоо округдарын түзүү боюнча сунушу Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алyy жагы Т.Кулатов айылдык округунун жетекчиси А.Эргешовко тапшырылсын.
Т. Кулатов айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Абдиллаев |