Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 02-октябры № 41-2
«Туштук-Кыргыз-Цемент ЖАКна» конвейер бункеринин лентасынын жанынан 2 га жер аянтын майдаланган аки таш сырьесун жыйууга жер аянтын пайдаланууга ажыратып берүү боюнча
«Туштук-Кыргыз-Цемент ЖАКнын» жетекчилигинин катынын негизинде конвейер бункеринин лентасынын жанынан 2 (эки) га жер аянтын майдаланган аки таш сырьесун жыйууга жер аянтын пайдаланууга ажыратып берүү боюнча сураган арызы боюнча Т.Кулатов айылдык Кеңешинин сессиясы
TOKTOM КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов айыл округунун «Кызыл-Булак» участкасынан «Туштук-Кыргыз-Цемент» ЖАКна конвейер бункеринин лентасынын жанынан 2 га жер аянты майдаланган аки таш сырьесун жыюууга келишимдин негизинде убактылуу 10 жылга, ижарага, жер аянты пайдаланууга ажыратып берилсин.
2. Ажыратылып берилген жер аянттарына келтирилген зыяндын жана өндүрүлбөй калган пайданын ордун толуктап берүү, жер салыктарын, ижара акыларды өз убагында төлөп туруу "Туштук-Кыргыз-Цемент" ЖАКнын жетекчилигине жүктөлсүн.
3. Ажыратылып берилген жер аянттын иштетип бүткөндөн кийин бузулган жер аянттарын баштапкы калыбына келтирип (рекультивизациялоо) жагы «Туштук-Кыргыз-Цемент» ЖАКна жүктөлсүн.
4. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Т.Кулатов айылдык округун жетекчиси А.Эргешовко сунушталсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов айылдык округунун жетекчилигине тапшырылсын.
Т. Кулатов айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Абдиллаев |