Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 02-октябры № 41-3
Ак-Чал, Арык-Тейит айылдарынын тургундарынын арызын кароо боюнча
Ак-Чал, Арык-Тейит айылдарынын тургундарынын арызынын негизинде «Түштүк-Кыргыз-Цемент » жабык типтеги акционердик коомуна 2007 жылы берилген улуштук жер аянттарынын ордун компенсациялоо боюнча арыздарын карап Т.Кулатов айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Чал, Арык-Тейит айылдарынын тургундарынын арызынын негизинде «Түштүк-Кыргыз-Цемент » жабык типтеги акционердик коомуна 2007 жылы берилген улуштук жер аянттарынын ордун компенсациялоо боюнча арызы канаатандыруусуз калтырылсын.
2. Маселе боюнча улуш жерлери туура келип калган атуулдарга ошол убакта акча каражаттары ажыратылып берилгендиги жана кайра бөлүштүрүү фондунун (КБФ)нын жеринен жер аянттары ажыратылып берилгендиги белгиленсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл, суу-чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айылдык округтун жетекчилигине тапшырылсын.
Т. Кулатов айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Абдиллаев |