Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 02-октябры № 41-4
Т.Кулатов айылдык округунун 22.07.2012 жылдагы №191 сандуу токтомундагы «Мол-Азык-Фей-Компани» ЖЧКна «гумин» сырьесун алып иштетүү үчүн Абшыр-Сай участкасынан 22,0 га. жер аянтын ижарага ажыратып берүү жөнүндөгү токтомун бекитип берүү жөнүндө
«Мол-Азык-Фей-Компани» ЖЧКнын жетекчиси А.Маматованын арызынын негизинде жер семирткич «гумин» сырьесун алып иштетүү учун Абшыр-Сай участкасынан 22,0 га.жер аянтын ижарага ажыратып берүү жөнүндөгү маселени карап Т.Кулатов айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов айылдык округунун 22.07.2012 жылдагы №191 сандуу токтомундагы «Мол-Азык-Фей-Компани» ЖЧКна жер семирткич «гумин» сырьесун алып иштетүү үчүн 22,0 га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү токтому бекитилип берилсин.
2. «Мол-Азык-Фей-Компани» ЖЧКна жер семирткич «гумин» сырьесун алып иштетүү үчүн 22,0 га жер аянты ижарага, келишимдин негизинде ишкананын лицензиясынын пайдалануу мөөнөтү бүткөнгө чейин ажыратылып берилсин.
3. Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлктөрдү каттоо башкармалыгынан жана Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу жетекчилигинен аталган обьектини куруу үчүн тиешелүү юридикалык иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.
4. «Мол-Азык-Фей-Компани» ЖЧКна берилүүчү жер аянтына, жеке жана юридикалык жактардын жер участоктору туура келип калса .аларды пайдаланууга алуу Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине ылайык , жана бир категориядан экинчи категорияга которуу, жер тууралу каттоо документтерине тиешелүү өзгөртүлөрдү киргизүү менен жүргүзүлөрү милдеттендирилсин.
5. «Түштүк-Кыргыз-Цемент» жабык типтеги акционердик коомуна көмөк көрсөтүү жагы Т.Кулатов айылдык округунун жетекчилигине жана тиешелүү документтерди түзүү , бөлүнө турган жер аянттарын тактоо айылдык округгун жер адиси Ж.Муратовко милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов айылдык округунун башчысы А.Эргешовко тапшырылсын.
Т. Кулатов айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Абдиллаев |