Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 02-октябры № 41-5
Ак-Чал айылынын тургуну Абдуллаев Гыламидинге Баглан айылындагы Чал-Таш участкасынан 19 га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Ак-Чал айылынын тургуну Абдуллаев Гыламидиндин арызынын негизинде Баглан айылындагы «Чал-Таш» участкасынан 19 га жер аянЯын «туфоконгломерат» (базальт) сырьесун алып иштетүү учун сураган арызын карап жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов айылдык округунун Ак-Чал айылынын тургуну Абдуллаев Гыламидиндин арызынын негизинде Баглан айылындагы «Чал-Таш» участкасынан 19 га жер аянтын «туфоконгломерат» (базальт) сырьесун казып алып иштетуу учун сураган арызы канаатандырылсын.
2. Абдуллаев Г.га жер «туфоконгломерат» (базальт) сырьесун казып алып иштетуу 19га жер аянты ижарага, келишимдин негизинде 7 (жети) жылга ажыратылып берилсин.
3. Ноокат райондук кадастр жана кыИмылсыз мүлктөрдү каттоо башкармалыгынан жана Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу жетекчилигинен аталган жер аянтына тиешелүү юридикалык иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.
4. Г.Абдуллаевке берилүүчү жер аянтына, жеке жана юридикалык жактардын жер участоктору туура келип калса ,аларды пайдаланууга алуу Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине ылайык, жана бир категориядан экинчи категорияга которуу, жер тууралу каттоо документтерине тиешелүү өзгөртүлөрдү киргизүү менен жүргүзүлөрү милдеттендирилсин.
5. Г.Абдуллаевке көмөк көрсөтүү жагы Т.Кулатов айылдык округунун жетекчилигине жана тиешелүү документтерди түзүү , бөлүнө турган жер аянттарын тактоо айылдык округтун жер адиси Ж.Муратовко милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов айылдык округунун башчысы А.Эргешовко тапшырылсын.
Т. Кулатов айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Абдиллаев |