Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 02-октябры № 41-6
Т.Кулатов айылдык Кеңешинин 2012 жылдын 19 апрелиндеги № 36-1 токтому менен 2012-2014 жылдарга карата бекитилген токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998 жылдагы Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнөнүндөгү» №78 жана 2009 жылдагы «Республикалык бюджет »Жөнүндөгү Мыйзамына ылайык жыйынтыктоо үчүн бекитилген айылдык бюджеттин киреже жана чыгаша тарабына толуктоолор айылдык кеңештин «Экономика, бюджет жана соода ишкердүлүк» боюнча туруктуу комиссиясынында каралгандыгын эске алып жана Кыргыз Республикасынын «жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» Мыйзамынын 27-чи беренесинин 5 пунктуна ылайык, айылдык кеңешинин «бюджет, экономика, соода жана ишкердүүлүк» боюнча комиссиянын төрагасы У.Сатаровтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов айылдык округунун жергиликтүү бюдеттин 300,0 миң сом акча каражаты ЖКХдан командировкалык чыгымдардын бөлүгүнө которулсун.
2. Акча каражатын бир бөлүмдөн 2чи бөлүмгө жылдыруу жагы Т.Кулатов айылдык округунун ФЭБ башчысы А.Каримовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов айылдык Кеңешинин «бюджет, экономика, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Т. Кулатов айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Абдиллаев |