Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 02-октябры № 41-8
Т.Кулатов айылдык округунун Таканай айылынын жамаатарынын арызы жөнүндө
Кызыл-Булак айылынын тургуну Халмурзаев Мамыталинин жана Таканай жамаатынын арызынын негизинде Т.Кулатов атындагы борбордук көчөгө Халмурзаев Алибайдын атын койуп берүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айылдык округунун Кызыл-Булак айылынын тургуну Халмурзаев Мамыталинин жанан Таканай жамаатынын арызында көрсөтүлгөн борбордук кечеге Таканай айылынана баштап Баглан айылына чейинки кечеге Халмурзаев Алибайдын атын коюп берүү жөнүндөгү арызы канаатандыруусуз калтырылсын.
2. Төрөбай Кулатовдой белгилүү мамлекеттик, коомдук ишмердин атындагы кечеге кайра башка ат коюш туура келбестиги белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү айылдык округтун жетекчилигине тапшырылсын.
Т. Кулатов айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Абдиллаев |