Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 02-октябры № 41-9
Т.Кулатов айылдык округуна 2012 жылда кошумча түшкөн кирешеден социалдык обьектилерге акча каражаттарын ажыратып берүү жөнүндө
Т.Кулатов айылдык округунун 2012-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү маселе айылдык Кеңештин бюджет, экономика , соода жана финансы боюнча туруктуу комиссиясында каралыл, такталгандыгын эске алып депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов айылдык Кеңешинин боюнча бюджет, экономика, финансы боюнча туруктуу комиссиясынын протокол чечимине ылайык жергиликтүү бюджеттен кошумча түшкөн акча каражаттардан Кожо-Арык айылындагы жаңыдан түшүп курулушу бүтпөй калган спорт залга 250,0 миң сом, "ИСКАКБ Абшыр-Таза-Суу" ишканасына суу түтүкчөлөрүн Баглан, Таш-Булак айылдарына жеткирип, орнотуу үчүн 370,0 миң сом, Т.Бекиев орто мектебине 80,0 миң сом, "Кулуштан " атындагы орто мектепке 40,0 миң сом, К.Надиров орто мектебине 50,0 миң сом, "Баглан" орто мектебине 45,0 миң сом, жалпысынан 835,0 миң сом ажыратылып берилсин.
2. Ажыратылып бериле турган акча каражаттарын бөлүп берүү жана сарамжалдуу пайдаланышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов айылдык округунун жетекчилигине тапшырылсын.
Т. Кулатов айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Абдиллаев |