Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 02-октябры № 41-10
Т.Кулатов айылдык округунун Баглан айылынын тургуну, өрт кырсыгынан жапа чеккен Ж.Бөйдөновко 2012 жылда кошумча түшкөн кирешеден акча каражатын белуп берүү жөнүндө
Баглан айылынын тургуну Бөйдөнов Жаанбайдын арызынын негизинде, Т.Кулатов айылдык округунун айылдык Кеңештин бюджет, экономика , соода жана финансы боюнча туруктуу комиссиясында каралып, такталгандыгын эске алып депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов айылдык округунун Баглан айылынын тургуну Бөйдөнов Ж. өрт кырсыгынан жепа тартканына байланыштуу, өз арызынын негизинде айылдык округтун кошумча түшкөн кирешенин эсебинен 40,0 миң сом, акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Ажыратылып бериле турган акча каражаттарын бөлүп берүү жана сарамжалдуу пайдаланышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов айылдык округунун жетекчилигине тапшырылсын.
Т. Кулатов айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Абдиллаев |