Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 02-октябры № 41-12
ЖЧК «Нур Телеком» уюлдук байланышын орнотуу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айылдык округунун Ак-Терек айылындагы жашоочулардын кызыкчылыгы үчүн уюлдук байланышын кеңейтүү, жакшыртуу жана өнүктөрүү үчүн ЖЧК «Нур Телеком» уюлдук байланышы менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2007-жылдын 29-июунундагы № 1997-3 токтому менен бекиткен айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү жана таштак ыңгайсыз жерлерди өздөштүрүү үчүн берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү Жобонун негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-статьясына таянып Т.Кулатов айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов айылдык округунун Ак-Терек айылындагы «Сырт» участкасынан, кырдын үстүндө жайгашкан башка уюлдук оператордун базалык станциясынын жанынан жайыттын ыңгайсыз жеринен 20 кв.м жер аянты мөөнөтсүз ижарага ЖЧК «Нур Телеком» уюлдук байланыштын базалык станциясын курууга жана орнотууга ажыратылып берилсин.
2. Ижарага берилген жер аянтын максатуу пайдалануу жана тиешелүү өз убагында төлөп туруу жагы ЖЧК «Нур Телекомго» милдеттендирилсин.
3. ЖЧК «Нур Телеком» уюлдук компаниясына берилген жер аянтынын юридикалык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу айылдык округунун башчысынын орун басары Д. Көчөновго жүктөлсүн.
Т. Кулатов айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Абдиллаев |