Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 02-октябры № 41-14
Т.Кулатов айылдык округунун Ак-Чал айылынын "Арык-Тейит-нуру" балдар бакчасына 2012 жылда кошумча түшкөн кирешеден акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
"Арык-Тейит-Нуру" балдар бакчасынын жетекчиси К.Осмонованын арызынын негизинде, Т.Кулатов айылдык округунун айылдык Кенештин бюджет, экономика , соода жана финансы боюнча туруктуу комиссиясында каралып, такталгандыгын эске алып депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов айылдык округунун Ак-Чал айылынын "Арык-Тейит-нуру" балдар бакчасына 2012 жылда кошумча түшкөн кирешеден 80,0 (сексен) миң сом акча каражаты аталган бала бакчага керектүү болгон инвентарларды сатып алуу үчүн ажыратылып берилсин.
2. Ажыратылып бериле турган акча каражаттарын бөлүп берүү жана сарамжалдуу пайдаланышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов айылдык округунун жетекчилигине тапшырылсын.
Т. Кулатов айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Абдиллаев |