Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 10 ноябры № 42-2
"Т.Кулатов айылдык округунун аймагында "Калктуу конуштардын экономикалык аймактык өзгөчөлүктөр" коэффицентин жана "Мүлккө салык" салууда К-2 зоналдык коэффицентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2008 жылдын 17 октябрында кабыл алынган салык Кодексинин 327 беренесинин 8 пунктуна ылайык Т.Кулатов айылдык округунун аймагында "Калктуу конуштардын экономикалык аймактык өзгөчөлүктөр" коэффицентин жана "Мүлккө салык" салууда К-2 зоналдык коэффицентин бекитүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов айылдык округунун аймагында айыл чарба салыгын зоналдык коэффицентин К2 Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 339 беренесинин 4 пунктунун негизинде елчөмү К 1,2 ге барабар болгон коэффицент 2013-жылга карата бекитилсин.
2. Мүлк салыгынын зоналдык коэффицентин (К 2) Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин негизинде (0,8) өлчөмүндө бекитилсин.
3. Айылдык округтун аймагында автотранспорт тактоочу жайлар (парковка) жок болгондуктан коэффицент бекитүү киргизилбесин.
4. Т.Кулатов айылдык округунда таштанды салыгы (мусор) 75 сомдон, ал эми физикалык тараптардан алынуучу салык 10 сомдон бекитилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы айыл округтун жетекчиси А.Эргешовко жана бюджет, экономика, соода боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Т. Кулатов айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Абдиллаев
|