Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 10 ноябры № 42-3
Т.Кулатов айылдык округуна 2012 жылда кошумча түшкөн кирешеден социалдык обьектилерге акча каражаттарын ажыратып берүү жөнүндө
Т.Кулатов айылдык округунун 2012-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү маселе айылдык Кеңештин бюджет, экономика , соода жана финансы боюнча туруктуу комиссиясында каралып, такталгандыгын эске алып депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов айылдык Кеңешинин боюнча бюджет, экономика, финансы боюнча туруктуу комиссиясынын протокол чечимине ылайык жергиликтүү бюджеттен кошумча түшкөн акча каражаттардан түзүлгөн сметалардын негизинде Кожо-Арык айылындагы жаңыдан түшүп жаткан Т.Бекиев орто мектебине ашкана куруу үчүн 300,0 (уч)жүз миң, Баглан айылындагы "Баглан" орто мектебинин ашканасын куруу үчүн 300,0 (үч)жуз миң сом, Т.Кулатов айылдык округундагы борбордук айылдык оорукананын имартындагы линолиумдарын алмаштыруу үчүн 318,0 (үч жуз он сегиз) миң сом, ИСКАКБ "Абшыр-Таза-Суу" ишканасына таза сууга асбест түтүкчөлөрдү сатып алууга 66,0 миң сом ажыратылып берилсин.
2. Ажыратылып бериле турган акча каражаттарын бөлүп берүү жана сарамжалдуу пайдаланышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов айылдык округунун жетекчилигине жана ФЭБ башчысына тапшырылсын.
Т. Кулатов айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Абдиллаев
|