Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 10 ноябры № 42-5
ЖЧК «Альфа-Телекомго» базалык уюлдук байланышын орнотуу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айылдык округунун Кожо-Арык айылындагы жашоочуларынын кызыкчылыгы үчүн уюлдук байланышын кеңейтүү, жакшыртуу жана өнүктүрүү үчүн ЖЧК «Альфа-Телекомго» базалык уюлдук байланышы менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июунундагы №1997-3 токтому менен бекиткен айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү жана таштак ынгайсыз жерлерди өздөштүрүү үчүн берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү Жобонун негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-статьясына таянып Т.Кулатов айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛAT:
1. Т.Кулатов айылдык округунун Кожо-Арык айылындагы кырдын үстүнөн, жайыттын ынгайсыз жеринен 12 кв.м жер аянты 10 жылдык мөөнөтү менен ижарага, мурдатан курулуп пайдаланууга берилген ЖЧК «Альфа-Телеком» уюлдук байланыштын базалык станциясын курууга жана орнотууга ажыратылып берилсин.
2. Ижарага берилген жер аянтын максатуу пайдалануу жана тиешелүү төлөмдөрдү өз убагында төлөп туруу жагы ЖЧК «Альфа Телекомго» милдеттендирилсин.
3. ЖЧК «Альфа Телеком» уюлдук компаниясына берилген жер аянтынын мыйзамдаштырып, бекитип берүү жагы Т.Кулатов айылдык округунун жетекчилигинен суралсын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу айылдык округунун жетекчиси А.Эргешко жүктөлсүн.
Т. Кулатов айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Абдиллаев
|