Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 9-апрели № 15/1
Үч-Төбө айылдык кеңешинин 2012-жылга түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө
Үч-Төбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө Айылдык кеңешинин 2012-жылга түзүлгөн иш планы Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү ”мыйзамынын негизинде өкүлчүлүктүү органдын ыйгарым укуктарынын чектеринде, жергиликтүү кеңештин компетенциясында белгиленгендей бекитилсин.
2. Жылдык иш планда көрсөтүлгөн иш чараларды жетекчиликке алуу жана анын аткарылышына жетишүү, Айылдык Кеңештин тиешелүү туруктуу комиссияларына, айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине, мекеме-уюмдардын жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Иш планда көрсөтүлгөн маселелер өз мезгилинде заседаниеге коюлуп, даярдыктар менен өткөрүлүшүнө түздөн-түз аракет кылуу жооптуу катчы А. Шамшиевага тапшырылсын.
4. Иш пландагы маселелердин ыраатуулук менен аткарылышын көзөмөлгө алуу Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Т. Акматовго милдеттендирилсин.
Үч-Төбө айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Маматалиев |