Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21 апрели № 17/1
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жыйынтыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 03-мартындагы № 30 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын “Өз алдынча башкаруу жөнүндөгү“ мыйзамынын 49-беренесинин 5-бөлүкчөсүнө ылайык 2012-жылдын 21-апрелиндеги Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы менен Үч-Төбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушунун алган Кутушева Ибарат Орозбаевна эсептелинсин.
2. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп көпчүлүк добушка ээ болуп шайланган Кутушева Ибарат Орозбаевнага Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына дайындоо жөнүндө буйрук берүү жагы Алай райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган 21.04.2012-жылындагы шайлоонун жыйынтыгы менен көпчүлүк добушка ээ болгон Кутушева Ибарат Орозбаевнага тийиштүү үлгүдөгү күбөлүк берүү жагы Алай аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы А. Шамшиевага милдеттендирилсин.
Үч-Төбө Жээк айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Маматалиев |