Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-апрели 23-2
Кеңеш айылдык округунун 2010-2011-жылдагы бюджетинин аткарылышынын абалы жана Кеңеш айылдык кругунун 2012-жылга бюджетин бекитүү тууралуу
Кеңеш айылдык округунун 2010-2011-жылдагы кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жана 2012-жылдын бюджетин бекитүү тууралуу Кеңеш айылдык округунун ФЭБнүн башчысынын берген отчетун угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык округунун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айылдык округунун 2010-жылдагы кабыл алынган бюджетинин аткарылышы киреше бөлүгү 16986,4 чыгаша бөлүгү 16950,0 деп бекитилсин.
2. Кеңеш айылдык округунун 2011-жылдагы кабыл алынган бюджетинин аткарылышы боюнча берилген билдирүү эске алынсын.
3. Кеңеш айылдык округунун 2012-жылдагы кабыл алынган бюджетинин киреше бөлүгү 30102,3 миң сомго (анын ичинен жергиликтүү бюджет 2526,0 миң сом), чыгаша бөлүгү 30102,3 миң сомго (анын ичинен жергиликтүү бюджет 2526,0 миң сом) бекитилсин.(1-2-тиркемелер тиркелет)
4. Тиркемеде көрсөтүлгөн соттук аткаруу чечими аткарууга алынсын.(3-тиркеме тиркелет)
5. Айылдык кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү эске алынсын.
6. Кеңеш айылдык округунун ФЭБнүн башчысынын берген отчету канаттандырарлык деп табылсын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округдун кеңешинин экономика,бюджет,соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Осмонов К тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеӊешинин төрайымы |
Т. Кадырова |