Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-апрели №23-3
Кеңеш айылдык округунун 2005-жылдан бери мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар тарабынан тартылып курулган, же капиталдык ремонттон өткөрүлгөн соц.объектилердин жана ири суммада алынган негизгикаражаттардын кириштелиштери тууралуу
Кеңеш айылдык округунун 2005-жылдан бери мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар тарабынан тартылып курулган, же капиталдык ремонттон өткөрүлгөн соц. объектилердин жана ири суммада алынган негизги каражаттардын кириштелиштери тууралуу айылдык округдун башчысынын орун басарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык округунун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айылдык округунун 2005-жылдан бери мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар тарабынан тартылып курулган, же капиталдык ремонттон өткөрүлгөн соц. объектилердин жана ири суммада алынган негизги каражаттардын кириштелиштери тууралуу айылдык округдун башчысынын орун басарынын билдирүүсү эске алынсын.
2. Кеңеш айылдык округунун 2005-жылдан бери мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар тарабынан тартылып курулган, же капиталдык ремонттон өткөрүлгөн соц.объектилерди 33 млн.сомдук суммада кириштөө айылдык округдун ФЭБнө милдеттендирилсин.
3. Түрткү берүүчү гранттар аркылуу бүтүрүлгөн төмөндөгү объектилерди Шаңкол орто мектебинин ашканасы 1557,2 миң сом, Шаңкол айылындагы спорт комплекси 7844,3 смиң сом, Куу-майдан айылындагы спорт комплекси 12 млн.сом болуп, бардыгы 21401.5 миң сом суммада кириштөө ФЭБнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округдун кеңешинин экономика,бюджет,соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Осмонов К тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеӊешинин төрайымы |
Т. Кадырова |