Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-апрели № 23-7
Кеңеш а/о 2011-ж бюджетин аткаруусунан калган акча каражатынын калдыгын 2012-жылдын бюджетине кошумча бекитүү жөнүндө
Кеңеш а/о 2011-ж бюджетин аткаруусунан иштетилбей өздүк эсепке калган акча каражатынын калдыгын 2012-жылдын бюджетине кошумча бекитип берүү тууралуу кайрылган ФЭБнүн башчысы А.Мадраимовдун маалыматынын негизинде а/кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушун угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш а/о өздүк эсебиндеги калдык 144,4 миң сом эсебинде разделдер, статьялар боюнча бөлүнүп кабыл алынсын.
2. Акча каражатын бөлүнгөн разделдер. Статьялар жана кварталдар боюнча максаттуу иштетүүнүайыл өкмөтү жана ФЭБ аткарууга алсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округдун кеңешинин экономика,бюджет,соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Осмонов К тапшырылсын.
Кеӊеш айылдык кеӊешинин төрагасы |
К. Кадырова |