Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-апрели № 23-8
2011-жылдын бюджетин аткарууда калган атайын каражаттын акча каражатынын калдыгын 2012-ж бюджетине кошумча бектитүү жөнүндө
Кеңеш а/о 2011-ж бюджетин аткаруусунан иштетилбей өздүк эсепке калган атайын каражаттын акча каражатынын калдыгын 2012-жылдын бюджетине кошумча бекитип берүү тууралуу кайрылган ФЭБнүн башчысы А.Мадраимовдун маалыматынын негизинде а/кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушун угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айылдык округунун атайын эсептеги калдык 13,0 миң сом эсебинде кабыл алынып, разделдер жана статьялар боюнча бөлүнүп кабыл алынсын.(тиркеме тиркелет).
2. Акча каражатын бөлүнгөн разделдер, статьялар жана кварталдар боюнча максаттуу иштетүүнү айыл өкмөтү жана ФЭБ аткарууга алсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округдун кеңешинин экономика,бюджет,соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Осмонов К тапшырылсын.
Кеӊеш айылдык кеӊешинин төрагасы |
К. Кадырова |