Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 7-июлу № 24-1
Кеңеш айылдык округунун кеңешинин депутаттарынын 2012-жылдын октябрь айындагы шайлоого карата көп мандатдаттуу шайлоо округдарын түзүүгө сунуш берүү жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 3-пунктчасын, «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1,2,4-пункттарын жана Ноокат райондук статистика бөлүмүнүн Кеңеш айылдык округунун аймагындагы элдүү пункттардагы калктын саны боюнча 2012-жылдын 01-январына карата берген маалыматын негиз кылып, Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айылдык округунун кеңешинин депутаттарынын 2012-жылдын октябрь айындагы шайлоого карата Кеңеш айылдык округунун Кеңешинин аймагында көп мандаттуу шайлоо округдарын түзүү боюнча сунуш тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Кеңеш айылдык округунун Кеңешинин аймагында көп мандаттуу шайлоо округдарын түзүү боюнча сунуш Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун өз дарегине жетишин камсыз кылуу жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбердиевке тапшырылсын.
Кеӊеш айылдык кеӊешинин төрагасы |
К. Кадырова |