Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 7-июлу № 24-2
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-11-беренелерине ылайык шайлоо участкаларынын чек араларын жана ордуларын бекитүү жөнүндө
Кеңеш айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айылдык округунда түзүлгөн Шайлоо участкаларынын чек аралары жана жайгашкан имараттарынын дареги Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-11-беренелерине ылайык төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
А) № 376- Куу-майдан шайлоо участкасынын чек арасы: батыш тарабынан Нурматов Айтмаматтан чыгыш тарабы Чоңмурунов Камилдин жана Жамгырканова Тынымдын үйлөрүнө чейин, түштүк тарабы Айылчыев Абдимиталдын жана Кадырбердиев Мамашариптин үйлөрүнөн тартып, түндүк тарабы Жайлообаев Сапаралинин үйүнөн Миталов Сайпидиндин үйүнө чейин, түндүк-чыгыш тарабы Курбанбеков Тураттын үйүнө чейинки чек аралар. Жайгашкан орду: Жапар Нышанов атындагы орто мектеби.
Б).№ 377- Арбын шайлоо участкасынын чек арасы: Шаңкол тарабынан Шакиров Насирдин үйүнөн, Тельман тарабынан Гаипов Төлөндүн үйүнө чейинки аймактар, тоо тараптан Аширбаев Аттокурдун үйүнөн Байыш айылы тарабынан Ысаков Кудайбердинин үйүнө чейинки аймактар. Жайгашкан орду: Арбын орто мектеби.
В). № 378- Шаңкол шайлоо участкасынын чек арасы: Кабылов Бараталинин үйүнөн, Салибаева Улуктун үйүнө чейинки аймактар. Жайгашкан орду: Шаңкол орто мектеби.
Г). № 522- Байыш шайлоо участкасынын чек арасы: Чегеден айылынын Пирманов Абдибаиттин үйүнөн Шаимкулов Амирбайдын үйүнө чейин. Байыш айылынан чыгыш жагынан Маматованын жана Абдуллаев Маматсабырдын үйүнө, Куу-майдандан Ысмаилов Айтибайдын жана Ташматов Эгендин үйүнө, Жүктүдөн Шералиев Акимден жана Темирова Аваздын үйүнө, Шаңкол менен чектешкен жактан Саипов Анарбайдын жана Оморов Маматжандын үйүнө чейинки аралыктар. Жайгашкан орду: Айыл өкмөтүнүн имараты.
Д). № 523-Ак-терек шайлоо участкасынын чек арасы: Ак-терек, Как жана Кара-таш участкалары. Жайгашкан орду: Ак-терек башталгыч мектеби.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округдун айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук,укук,дин иштери, туризм, спорт, жаштар жана депутаттык этика комиссиясынын төрагасы Сатиев Сапаралиге жүктөлсүн.
Кеӊеш айылдык кеӊешинин төрагасы |
К. Кадырова |