Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 7-июлу № 24-3
Акчабы орто мектебинин спорт залын куруу боюнча долбоорго жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Кеңеш айылдык округуна караштуу Чегеден айылындагы Акчабы орто мектебинин спорт залын куруу боюнча ишке ашып жаткан долбоорлор үчүн айыл өкмөтү тарабынан кошкон салым тууралуу маселени угуп жана талкуулап кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-чабы орто мектебинин спорт залын куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 133.0м. сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Ажыратылып берилген акча каражатын таап берүү жагы ФЭБнүн башчысы Мадраимовко тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбердиевке жүктөлсүн.
Кеӊеш айылдык кеӊешинин төрагасы |
К. Кадырова |