Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-ноябры № 25-2
2013-жыл үчүн жергиликтүү салык жана салык эмес төлөмдөрдүн өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө
Кеңеш айылдык округунун айыл өкмөтүнүн “Мамлекеттик салык кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгынын 2012-жылдын 03-ноябрындагы №08-6/582 сандуу катын аткарууга алуу максатында Кеңеш айылдык округунун айылдык кеңешинин депутаттарына 2013-жылдын бюджети үчүн Кыргыз республикасынын Салык Кодексинин негизинде жергиликтүү салык жана салык эмес төлөмдөрдү бекитип берүү жөнүндөгү” сунуш катын угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык округунун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айылдык округунун айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 327, 339 жана Кыргыз Республикасынын салык эмес төлөмдөр жөнүндөгү мыйзамынын 12/1 жана12/2 беренелеринин негизинде 2013-жыл үчүн төмөндөгүдөй салык коэффиценттери бекитилсин.
а). Кыргыз Республикасынын салык кодексинини 339-беренесинин 4-бөлүкчөсүнүн негизинде “Айыл чарбасына арналбаган жер салыгынын зоналдык коэффиценти” (К1) 0,9 .
б). Кыргыз Республикасынын салык кодексинини 327-беренесинин 8-бөлүкчөсүнүн негизинде “Мүлк салыгынын ишкердүүлүк кызмат көрсөтүүсү боюнча коэффицент” (К2) 0,3
в). Кыргыз Республикасынын салык эмес төлөмдөр жөнүндөгү мыйзамынын 12/1-беренесинин негизинде айылдык округдун аймагындагы таштанды ташып чыгаруудан алынуучу юридикалык жана физикалык тараптардан (жеңилдик алуучулардан башкалары) 60 сом өлчөмүндө салык ставкасы.
г). Кыргыз Республикасынын салык эмес төлөмдөр жөнүндөгү мыйзамынын 12/2-беренесинин негизинде айылдык округдун аймагындагы автотранспортторду парковкалоо ажыратылбагандыгы белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округдун ФЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучу Мадраимовко жүктөлсүн.
Кеӊеш айылдык кеӊешинин төрагасы |
К. Кадырова |